• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Таласта медкызматкерлердин арасында Спартакиада өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.05.18 /Кабар/. Кечээ, 3-майда Талас облусундагы бардык саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген медициналык кызматкерлер арасында Сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо негизинде Спартакиада өткөрүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, спартакиада Талас облустук медициналык кызматкерлердин кесиптик бирлигинин каржылык колдоосу аркасында өтүүдө.

“Спорттун 7 түрү боюнча мелдештер жүрүп жатат: 100 метрге чуркоо, 400 метрге эстафета, шахмат, волейбол, мини-футбол, аркан тартыш жана кол күрөш. Таймашка 8 команда катышып жатышат. 1- орунга 5000 сом жана санаторийге жолдомо, 2- орунга 3000 сом, 3-орунга 2000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылат, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылмакчы”,-деп билдирди Талас облусунун координатору Аттокур Шадиев

Пикир

Оставить комментарий