• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Ат үстүндө кара жорго бийин бийлеген буга чейин болгон эмес — “Мурас” тобунун жетекчиси Мурзалиев

ТАГДЫР 0

Цирктин бизге тартуулаган ар кандай көрсөтүүлөрүнө бала кезден бери көрүп, күбө болуп келүүдөбүз. Андагы бийлер, боорду эзген клоундар, жүрөктү түшүргөн арстан, жолборстор жана артисттердин трюктарын көрүп бир жыргап алабыз. Бирок, элдин алдына чыгыш үчүн кандай даярдык көрөт, сахна артындагы артистердин жашоосу кандай экенин билесизби?

2015-жылдан тарта ат үстүндөтрюктары менен өзгөчөлөнгөн “Мурас” акрабатикалык ансамбль туурасында кеп баштасак.

“Мурас” тобунун көркөм жетекчиси Мурзалиев Бегалы, 2015-жылында жалгыз бир ат менен балдарды жигитовка өнөрүнө машыктырып баштаган. Учурда 5 ат менен балдар ат үстүндө трюктардыкөрсөтүшүүдө. “Мурас” тобунда 7 бала 4 кыз машыгышат.

“Мен балдарды тандап алам. Баары эле топко кире бербейт. Былтыр 30-40тай каскадерлор көчүп келген. Келип атка секиргенди, трюктарды үйрөтүңүз деген. Бирок, баары эле үйрөнө бербейт. Улак тартып жүргөндөр да биздин балдардай болупатка секирип кайра түшкөндү таза жасай албайт. Туура жыгылганды да билиш керек. Ошондой эле өзүнүн денесин кармаганды, колу-бутунун туура кыймылдаганына чейин карайбыз”, — деди Мурзалиев

Жумасына 6 күн, ар бир күн 3 сааттан кем эмес машыгышат. Жигитовканын баардык түрүн жана акрабатикалык трюктардыда кылышат. Жакынкы күндөн тарта ат үстүндө кара жорго бийин бийлеп келүүдө.

“Ат үстүндө кара жорго бийин бийлеген буга чейин болгон эмес. Бул идея мага таандык. Акыркы 5 жылдан бери казактар биздики десе кыргыздар биздики деп талашып жатпайбы. Ушул бийди ат үстүндө балдарды бийлетип көрдүм. Башында бийди жерден баштайт анан атүстүнө чыгып улантат”, — деп билдирди Мурзалиев

11-класстын окуучусу Мажикова Чолпонай 3 жыл мурун атасы циркке алып келген. Алгач гимнастика тармагына келип жүргөн, кийин жигитовкага кызыгып кеткенин айтат.

“Сабакка да бул жакка да жетишем. Түшкө чейин сабак андан кийин үй иштери менен алекмин. Сабактарды окуп, алтыда циркке келем. 8ге чейин бул жакта машыгам. Негизи ат үстүндө трюк жасоо үчүн шык керек де эсептейм. Анткени келип үйрөнө албай кеткендер аябай көп болгон”, — дейт Мажикова.

Мажикова 11-классты бүтүрүп Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырууну пландап жаткан учуру.

Мурзалиевдин айтуусунда, аттардын кээ бири бир айда үйрөнсө, кээ бири жарым жылда үйрөнүшөт. Ал эми жарым жылда үйрөнбөгөн атттарды сатып же алмаштырып салышат. Балдардан артист чыгарыш үчүн 3 жылдан кем эмес даярдаш керек. Ошондой эле 5 жылдан кийин толук кандуу артист деп айтууга болоорун “Мурас” тобунун жетекчиси кошумчалап кетти. Бирок, ал жылга чейин жеңил трюктары менен сахнага чыга беришет.

“Негизинен көрүүчүлөр мектеп окуучулары. Кээде орун жетпей калганда тепкичтерге отуруп көргөндөрү болот. Көрүүчүлөр тажап кетпеш үчүн негизги трюктарды калтырабыз калганын өзгөртүп турабыз. Мурун коллективде төө, ит, эчки, топоз жана башка эмнелер гана болбогон. Азыр алардын жок болгону адамды кейитет”, — дейт “Мурас” тобунун жетекчиси.

Эки шакекчени кармап айланганды ат үстүндө жасайын деген пландары бар. Ал трюкту кылыш үчүн өзүн көпөлөк сезиш керек жана ага эрте экенин Мурзалиев айтат.

Машыгып жаткан балдардын үчөөсүн Американын Флорида штатына сурап жаткан учуру. Аларга макулдук берсе анда көчмөндөр оюндарына бара албай калышы мүмкүн. Ал оюндан кийин жылдын аягында балдар кетиши ыктымал. Контрагы 3 жылдан 5 жылга чейин созулат. Кайра жаңы балдарды алып үйрөтүү убакытты талап кылынат. Андан сырткары, Кытай менен Россия мамлекеттери да балдарды чакырып жатканын айтат машыктыруучусу.

“Ат жаныбарлардын арасында акылы боюнча бешинчи орунда экен. 1-маймыл(шимпанзе), дельфин, карга, пил, анан ат болот. Жылкы кулагы менен угуп мээси менен түшүнгөндөрдөн эмес, жыт менен сезген жаныбарлардан экен. Жини келсе балдарды кууп барып тиштегени да болот. Кашка ат бар ал мени гана угат. 2016-жылы Кырчында 20 ат бир жактан 20 ат экинчи жактан чуркап келип биринин арасынан өтүп кеткен жери бар болчу. Биринчи чуркап келе жатканда берки тараптын бир аты тизеге урунуп кетти. Мен бурулуп карасам тиги көргөн да жок, ат болсо эстеп калды. Экинчисинде мен айтып келе жаткам оң жагыңа атты тарт деп, ал ойнотуп келе жаткан. Анан эки тараптан чаап келе жатканда менин атым турду да алдыңкы буттары менен тиги аттын чекесине чаппадыбы. Аты менен чогуу учуп кетти. Аны көрүп режиссер сиз катышпай эле топтун ортосунан чыгып атты жүгүнтүп бериңиз деген”, — дейт Мурзалиев.

Бегалы уулу Албан4 жылдан бери тактап айтканда топтун түзүлгөндөн бери машыгып келет. Ат үстүндө трюктарды жасайт, бир дөңгөлөктүү велосипед тебет, цирктин артисти кыла турчу өнөрдүн көбү колунан келет.

“Атам бул топту түзгөндөн бери ушул жактамын. Башында атам мага “кыл” деген ошондон баштап ар кандай трюктарды кыла баштагам. Азыр да кылып жатам. Азыр 1-курстун студентимин. Окуу менен чогуу алып кетиш кыйын. Эрте мененки 8ден 3төргө чейин окуу. Менин кезегим келсе аттарга чөп бериш керек. Саат 6дан 8-9дарга чейин машыгабыз. Үйгө барып сабак окуш керек. Ар бир күн ушундай өтөт”, — дейт Бегалы уулу Албан.

Албан 10 жылдан кийин өзүнүн циркин куруп ошол жерде директор болууну каалайт. Алган айлыгы атасыныкы менен бирге чөп, жеп, опилкагакетээрин билдирет.

Жалпысынан циркте 5 ат болгону менен алардын бирөөсү цирктики калган 4төө менчик аттар. Мурзалиев 3 атты өзүнүн чөнтөгүнөн багып келет. Алган айлыгы аттарга чөп, жем алып бергенге да жетпей калаарын белгилейт.

Даярдаган Адил Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий