“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 39,5 млн. сомго музей курулат

Коом 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде музей курууга материалдарды сатып алуу жана комплекстин ичиндеги тепкичти куруу үчүн тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында жарыялангандай, аткаруучу Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин Чүй облусунун алдындагы капиталдык курулуш Департаменти.

Сынакка катышуу үчүн арыздар 8-октябрга чейин кабыл алынат. Бул иштерге 39 млн. 546 миң 194 сом коротуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий