Кантип уктоо керек? Капталдап, отуруп уктоо ден соолукка зыян

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Капталдап уктоо омурткаларга зыян, ичин жер каратып жатуу ички органдарынын кысылышына алып келээрин кардиолог Валерий Садовой билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, эң мыктысы – чалкасынан уктоо. Ал эми, отуруп алып уктоо эң зыян экенин кардиолог айтат. Анткени, отуруп алып уйкуга кабылгандардын жүрөгүнүн иштөөсү начарлайт. Ал учурда, ички органдар кысылып, шишик пайда болот. Анын айынан тамырлар козголуп, тромбдун жаралышын шарттайт.

Садовой белгилегендей, күндүзгү уктоо жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат жана адамга сергектик берет. Бир күндө 8 саат уктоону кардиолог сунуш кылат.

Пикир

Оставить комментарий