Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи

Президент 0


БИШКЕК, 18.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-августта, өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана укук коргоонун абалы, түрдүү кылмыштарга каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ишмердигин координациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди. Биринчи кезекте экономика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана ага жол бербөө боюнча иштер активдештирилип жаткандыгы жөнүндө маалымдалды.

Ошондой эле Индира Жолдубаева өлкөнүн Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Конституциянын талаптарынын так сакталышын жана шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөөнү камсыз кылуу боюнча прокуратура органдарынын иштерин уюштуруудагы көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын шайлоо укуктарын жана шайлоо процессине катышуучулардын укуктарын бузууга жол бербеш үчүн алдыдагы шайлоолордун бардык этаптарында тиешелүү көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуунун өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү зарылчылыгына токтолуп, ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын жана өлкөнүн укук коргоо органдарынын системасын реформалоонун шарттарында бул иш өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий