• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Атамбаев: Курманжан Датка борборунда “Кыргыз көчү” павильону курулат

Маданият 0

Чоң Сары-Ой, 21-июль /Салтанат Абдраева - Кабар/. Жаз мезгилине чейин Ысык-Көлдөгү Курманжан Датка борборунда “Кыргыз көчү” деген аталыштагы чоң павильон курулат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Алтай көчмөндөрү” экспозициясынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында Ысык-Көл облусу Кыргызстандын жүзү болуп калат. “Бул борбордо ар кандай элдердин павильиондору ачылат. Учурда бир катар элдердин өкүлдөрү бул жакта өздөрүнүн павильондорун ачуу сунушун айтышты. Биз дагы “Кыргыз көчү” павильонун жаз мезгили келгенче орнотконго аракет кылабыз”,-деди президент.

Мамлекет башчысы бул музей көчмөн цивилизациясынын биримдигин элестетип турат деп билдирди.

“Ысык-Көлдүктөр туристтер кайтып келиши үчүн аларды абдан жылуу кабыл алышы абзел. Жакында аэропорт ачылды, жаңы жолдор курулуп жатат. Эми Ысык-Көлгө туристтер бүт дүйнө жүзүнөн келип баштайт”,-дейт Алмазбек Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий