• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Атамбаев Россия жана Өзбекстанга сапарга барат

Президент 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-сентябрда өлкөбүздүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясаттагы урунттуу багыттарын ишке ашыруу боюнча маалымат берилди. Атап айтканда Президент Алмазбек Атамбаевдин Россиянын Президенти Владимир Путин менен Сочи шаарындагы боло турган жолугушуусуна, Президент Алмазбек Атамбаевдин БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына жумушчу сапарына, аталган иш чарага катышуунун алкагында Кыргызстан демилгелеген иш чараларга катышуусуна даярдык көрүү туурасында маалымат берилди.

Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жооп иретинде мамлекеттик сапарына даярдык көрүүнүн алкагында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеёвдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштердин жүрүшү талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы иш чараларга дыкаттык менен даярдык көрүү жана улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүү менен, негизги өнөктөштөр менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн тышкы саясаттагы багытын мындан ары ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий