• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салянованын жактоочулары соттук процессти атайылап создуктурууда – Башкы прокуратура

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Мурдагы башкы прокурор жана Жогорку Кеңештин жактоочулары Аида Салянованын жактоочулары соттук процессти атайылап создуктурууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мамлекеттик айыптоочу Нурлан Тагаев билдирди.

Анын айтымында, Ленин райондуксотунда процесс бүгүн 8:30га белгиленген.

“Бул процесс дүйшөмбүдө башталган. Бүгүн сотко Салянова өзү гана келди. Анын жактоочусу Чолпон Жакыпбекова келген жок. Сотко анын Бишкек шаардык сотунда башка процесси башталганы тууралуу өтүнүч берилди”,-деди ал.

Тагаев соттолуучунун жактоочусу пландаштырылган процесстер тууралуу билбегендигин жана ал тууралуу сотко билдирбегендигин белгиледи. Ошондой эле, 10:00дөгү башка процесске да Жакыпбекова барбагандыгы белгилүү болду.

“Процессти атайылап создуктуруу жүрүүдө”, - деди ал. Сот жыйынды 14:00гө жылдырган.

Белгилей кетсек, Салянованын иши боюнча сотто бардык күбөлөр суралып, иликтөө материалдары бүткөн. Экс-прокурор көрсөтмө бергенден кийин тараптар жарыш сөзгө өтөт. Соттолуучу көрсөтмө бербей коюу укугуна ээ.

Эске салсак, Аида Саляновага карата кылмыш иши “Кызмат абалынан кыянаттык менен колдонуу” беренеси боюнча козголгон. Ал 2010-жылы юстиция министри кезинде Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын мыйзамсыз узартууга айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий