• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Араванда медиктерден опузалап акча алып жаткан учурда 31 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ош облусунун Араван районунда медицина кызматкерлеринен опузалап акча алып жаткан учурда 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, коронавирус илдетине каршы күрөшүп жаткан Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун И.Х. жана М.Г. аттуу медайымдарын жогорудагы илдетке байланыштуу туура эмес маалымкатты (справка) кечиктирип бердиң деген жүйөө менен белгисиз жаран коркуткан.

Ал "Жумушуңардан алдыртып саламын" деген сөздөрдү айтуу менен 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тийиштүү ыкчам тергөө аракеттери көрүлүп, белгисиз жаран Араван районунун А.Анаров айыл аймагынын 31 жаштагы К.Ф.И. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

"Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Ф.К. буга чейин медайымдардан опузалап 31 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Аны менен тим болбостон кылмыштуу аракетин улантып, И.Х. жана М.Г.дан опузалап талап кылып жүргөн акчасынын бир бөлүгүн (20 миң сом) алып чыгып бара жаткан жеринен кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Ф.К. аттуу жарандын Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдарга катыштыгы бар-жоктугу боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий