Авазбек Атаханов Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 19.05.24./Кабар/. Бүгүн, 19-майда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановдун Пакистан Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, маектешүүнүн жүрүшүндө Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам күн мурун, 18-майда Бишкек шаарында чет элдик студенттердин, анын ичинде Пакистандын жарандарынын катышуусунда болгон окуя боюнча маалымат алууда көрсөткөн жардамы үчүн, кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Министрдин орун басары Авазбек Атаханов бул окуя жөнгө салынып, кырдаал КР укук коргоо органдарынын толук көзөмөлүндө экенин, бардык тиешеси барларга карата иликтөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Тараптар 2024-жылдын 21-майында Астана шаарында өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин министрлер кеңешинин алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен ПИР премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дардын жолугушуусун уюштурууну макулдашты.

Мындан тышкары, бүгүн тараптар КР менен ПИР Тышкы саясат мекемелеринин жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүн уюштурат.

Пикир

Оставить комментарий