Бишкек, 29.12.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын жараны Ринат Асановду мекенине алып келүү үчүн Актауга медициналык бригада жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон маалымдашкандай, дарыгерлерден турган топ тиешелүү медициналык жабдуулар менен камсыздалган.
Бейтапты алып келүү иши саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө экендиги айтылды.
Белгилей кетсек, 25-декабрда Казакстандын Мангистау облусундагы Актау шаарына жакын жерде Баку-Грозный каттамы боюнча багыт алган азербайжандык компаниянын учагы кырсыкка учураган. Жалпысынан учакта 67 жүргүнчү болгон. Анын 38и кырсыктын кесепетинен каза тапкан. Учактагы үч кыргызстандыктын экөө жаракат алып, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Күн мурун ал эсине келгендиктен, дарыгерлердин уруксаты менен өлкөгө алып келүү чечими кабыл алынган.
Пикир
Оставить комментарий