• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Австрия Кыргызстандын экономикасын жана мамлекеттик башкаруу тармагын реформалоону колдоого даяр

Саясат 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Австрияга болгон жумушчу сапарынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 2-октябрында Вена шаарында Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын вице-президенти Рихард Шенц менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык байланыштардын пайдаланылбаган олуттуу потенциалын жана бири-бирине жеткирилүүчү товарлардын тизмесин кеңейтүү жолу менен эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу тараптар экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында иштерди улантуунун маанилүүлүгүн жана эки өлкөнүн бизнес миссияларынын өз ара визиттерин белгилеп, бул ишти 2022-жылы ишке ашыруу пландарын белгилешти.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Р.Казакбаев ошондой эле Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын вице-президенти Р.Шенцти жана Австриянын бизнес делегациясын ЕБ-БA 1-экономикалык форумуна катышууга чакырды. 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте, ошондой эле Экономикалык форумдун алкагында эки тараптуу кыргыз-австрия бизнес форумун өткөрөт.

Р.Шенц өз кезегинде австриялык тарап үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында ЕБ-БA 1-экономикалык форумун Бишкекте өткөрүүнү колдой турганын жана Австриянын бизнес делегациясынын катышуусун ырастады.

Тараптар КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын ортосундагы кызматташууну андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, кыргыз тарап эл аралык стандарттарга ылайык бизнес-долбоорлорду түзүүдө жана Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон айыл чарба, гидроэнергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, санариптештирүү багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн техникалык экономикалык негиздерди түзүүдө австриялык эксперттердин КРнын ишкерлерин окутуусуна кызыкдар экенин билдирди.

Министр Р.Казакбаев ошондой эле Р.Шенцке ЖПС+ статусун эске алуу менен айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана андан ары ЕБ рынокторуна сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын вице-президенти Р.Шенц өз кезегинде австриялык тараптын ноу-хау, алдыңкы технологиялар жана жогоруда аталган бардык тармактарда Кыргызстандын экономикасын жана мамлекеттик башкаруу тармагын реформалоодо австриялык эксперттердин жардамын берүүгө даярдыгын билдирди.

Р.Шенц австриялык ишканалардын саламаттыкты сактоо, билим берүү, санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду жүзөгө ашыруусу үчүн «жумшак» насыяларды (жеңилдетилген насыя) берүү мүмкүн экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий