• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстан менен Марокконун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Марокконун тышкы иштер, африкалык кызматташтык жана чет жактагы марокколуктар министри Насер Бурита менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Марокконун борбору Рабат шаарында өтүп жаткан Ислам билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ICESCO) Башкы конференциясынын кезектеги 43-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маселелерди талкуулашып, алардын ичинде биринчи кезекте укуктук келишим базаны бекемдөөнү, ошондой эле жакынкы мезгилде тышкы иштер министрликтери аралык саясий кеңешмелерди өткөрүүнү, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну макулдашты.

Мындан тышкары, тараптар ортодогу соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга түрткү берүү максатында жакынкы келечекте эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда бизнес форумдарды, көргөзмөлөрдү жана борбор шаарларда маданият күндөрүн өткөрүү боюнча пикир алмашты.

Өз кезегинде, Марокко министри Н.Бурита Кыргызстан менен бардык тармакта тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө зарыл болгон бардык аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда А.Артыкбаев Марокко министри Н.Буританы өзүнө ынгайлуу убакта Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий