• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Пакистандын Лахор шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Коом 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Пакистандын Лахор шаарында Кыргызстандын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев жана Пенжаб провинциясынын Инвестициялар жана соода боюнча кеңешинин төрагасы Фазил Асиф Жах дагы катышты.

Соода үйү Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин демилгеси менен кабыл алуучу өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ата мекендик товарларды Пакистандын рыногунда илгерилетүү максатында ачылган.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө элчи У.Тотуяев Пакистан географиялык жайгашуусун жана эки тараптуу мамилелердин деңгээлин эске алуу менен Кыргызстан үчүн экспорттук-импорттук мамилелерди өнүктүрүү боюнча келечектүү багыт экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын кеңири ассортименти, атап айтканда, тамак-аш, улуттук суусундуктар, сувенирлер тартууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча материалдар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий