• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Австриянын парламент спикери Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Австрия республикасынын парламентинин федералдык кеӊешинин президенти Инго Аппе Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, кадырлуу конокту ЖК төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров бүгүн, 24-июнда "Манас" эл аралык аба майданынан тосуп алды.

Иш сапар учурунда Инго Аппе жетектеген Австрия парламентарийлери Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташтык, мыйзам чыгаруу айдыӊындагы мамлелердин келечеги туурасында пикир алышат. Ошондой эле расмий делегациянын курамы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде болгон соӊ, "Ата-бейит" мемориалдык комплексинде 1916-жылдын курмандыктарын эскерип, гүлчамбар коюшмакчы.

Пикир

Оставить комментарий