• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте милиция кызматкери камактагы автоунааны мыйзамсыз чыгарган

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Бишкекте автоунааны мыйзамсыз камак жетан чыгарган милиция кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө соттун токтомунун негизинде камакка коюлган 2010-жылы чыгарылган “Lexus RX-350” үлгүсүндөгү автоунаасы, мурдагы кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, Бишкек ШИИББдин карамагында калган Ч.Н. өзүнүн жеке кызыкчылыгын ишке ашырып, аталган автоунааны мыйзамсыз камактан чыгарып кеткендиги аныкталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын Тергөө кызматынын мурдагы тергөөчүсү Ч.Н. кызматтык күбөлүгүн өз учурунда Бишкек ШИИББнын КБна тапшырбастан, мыйзамсыз колдонуп, ошону менен чектелип калбастан, өзүнүн кесиптешинин өндүрүшүндөгү кылмыш иштин КБР номерин, кыскача фабуласын ж.б.у.с. маалыматтарды алуу менен атайылап камактан чыгаруу жөнүндө жасалма токтом чыгарып жана тергөө кызматынын башчысынын атынан расмий жолдомо катты жасалмалап, жогоруда көрсөтүлгөн автоунааны камактан чыгарып кеткен.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) жана 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, караштуулугу боюнча жиберилип, азыркы күндө тергелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий