• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулду. Жарлыкка президент кол койду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Президент Садыр Жапаро Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон жарлыктын негизинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат Капарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий