Азербайжанда бүгүн Кыргыз киносунун күндөрү башталат

Маданият 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Баку шаарындагы Низами кинотеатрында бүгүн кыргыз киносунун күндөрү башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кино күндөрү 23-25-апрелге чейин өтөт.

"Баку шаарынын тургундарынын назарына Т. Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан жаңы тартылган, прокатка чыга элек режиссер Тынчтык Абылкасымовдун "ERROR#404" тасмасы тартууланат. Ошондой эле, Борбор Азия жана Россия мамлекеттеринде прокаттык тасмалардын арасында кыска убакытта ийгилик жаратып, кино сүйүүчүлөрүнүн купулна толгон режиссер Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы 23-24-25-апрель күндөрү акысыз көрсөтүлөт", - деп белгилешти министрликтен.

Кыргыз кино күндөрүнүн 3 күндүк программасы:

- 19:00 – “Низами” кинотеатрынын чон кинозалында Кыргыз киносунун күндөрүнүн расмий ачылышы жана “Бейиш эненин таманында” тасмасы көрсөтүлөт (23-апрель);

- 17:00 – Низами кинотеатрынын кичи залы “ERROR#404” тасмасы (24- апрель);

- 19:00 - Низами кинотеатрынын кичи залында “Бейиш эненин таманында” тасмасы (25-апрель).

Тасмалар кыргыз тилинде көрсөтүлүп, азербайжан тилинде субтитр менен коштолмокчу.

Пикир

Оставить комментарий