• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде 2 тоннадан ашык тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.24./Кабар/. Баткенде 2 тоннадан ашык тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, Баткен районунун Бужум айылында Н.Т.А. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes Benz Sprinter 515 үлгүсүндөгү унаа токтоулган.

Унаадан жалпы салмагы 2295 кг түзгөн тоңдурулган тоок эти аныкталган. Жүктүн эч кандай жүк коштоочу документтери болгон эмес. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 525 миң 928 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий