• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Азербайжанда Кыргызстан куруп жаткан мектеп жакында пайдаланууга берилет

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Агдам районуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Хыдырлы айылына болгон сапардын жүрүшүндө элчи Азербайжандын боордош элине Кыргызстандын белеги болгон жалпы билим берүү мектебинин курулушунун аяктоочу этабы менен таанышты. Курулуштун аякташы жана объекттин тапшырылышы 2025-жылдын январь айынын аягына чейин күтүлүүдө.

Сапардын жүрүшүндө Элчи ошондой эле Азербайжандын президентинин Агдам району боюнча атайын өкүлү Эмин Гусейнов менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган маданий-гуманитардык, билим берүү жана туристтик долбоорлорду ишке ашырууну камтыган мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды.

Ошол эле күнү элчи Кяльбадар районуна барып, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров белек кылган топоздор багылып жаткан фермага барды. Бүгүнкү күндө топоздордун саны 205 башка жетти.

Пикир

Оставить комментарий