• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ажылык-2019: Зыяратчылардын кийимин тиге турган ишкер аныкталды

Коом 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Быйыл Меккеге зыяратка бара турган кыргызстандыктарга кийим тиге турган тарап аныкталды.

Муфтияттан кабарлашкандай, 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб ажылардын кийимин тигүүчү тараптар ортосунда сынак өткөрүп, ага 13 талапкер катышкан.

Сынактын жүрүшүндө ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын мүчөлөрү ажылардын кийиминин тигилишине коюлган наркка, кездеменин курамына жана сапаттуулугуна, дизайнына, өңү-түсүнө, коопсуздук белгилерине, ыңгайлуулугу боюнча коюлган талаптарга бааларын беришкен.

"Зыяратчылардын кийимин тигүүчүлөр ортосунда өткөн конкурста бардык талапка жооп бергендиги боюнча УРШ мүчөлөрү жеке ишкер Юлия Тилегинанын ишенимдүү өкүлү Айкөл Аликжанованы татыктуу деп табышып, 2019-жылдагы ажылыктын формасын тигүү милдетин жүктөштү", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, быйыл ажылык сапарга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн Сауд Арабиясы квотанын санын 5510го чейин көбөйттү.

Пикир

Оставить комментарий