• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Азия биринчилигинин тандоо туру (U-23): Бүгүн Кыргызстан үчүнчү беттешин өткөрөт

Спорт 0

Бишкек. 25.03.19 /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигинин (U-23) тандоо турундагы үчүнчү беттешин өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Оюн бүгүн Бишкек сааты боюнча 23:15те болуп, биздин футболчулар Кувейт менен ойнойт.

Эске салсак, 22-26-март күндөрү Кыргызстан Азия биринчилигинин (U-23) финалдык баскычына өтүш үчүн Сирия, Иордания жана Кувейттин командаларына каршы оюн өткөрүүдө.

Алгачкы эки оюнунда кыргызстандык спортчулар жеңилип калган. Анын натыйжасында Кыргызстан 2020-жылы өтө турган мелдешке чыга албай калды.

Пикир

Оставить комментарий