• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Самбо боюнча Дүйнө чемпионаты. Биринчи күндүн жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 07.10.23. /Кабар/. КР Дене тарбия жана спорт департаменти Бишкектеги "Газпром балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп жатат самбо боюнча Дүйнө чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Ана ылайык, мелдештин жүрүшүндө жаштар арасында 53, 71, 98 кг чейинки салмакта, кыздар арасында 50, 65, +80 кг чейинки салмакта спортчулар күч сынашууда. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында 58, 79, +98 кг салмак салмакта кыздар арасында 59, 80 кг даражасында беттештер өтүүдө. Ошондой эле күжүрмөн самбо боюнча 71, 98 кг чейинки салмакта беттештер өттү.

Кыргызстандын курама командасы жалпы 5 коло медаль жеңди. Күжүрмөн самбо боюнча 64 кг чейинки салмакта Увайс Абдылдаев жана 88 кг чейинки салмакта Кансултан Сапаралиев коло медалга ээ болушту.

Спорттук самбо боюнча 71 кг чейинки салмакта Байел Жакшылыков, 50 кг салмак категориясында Луиза Асакеева жана 59 кг чейинки салмакта Аида Асанбекова коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, мелдеш 6-октябрь күнү башталган 8-октябрь күнү жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий