• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Балыкчыда Беларустун аскердик контингентин салтанаттуу тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 07.10.23. /Кабар/. Балыкчыда Беларустун аскердик контингентин салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна Беларустун Жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингентинин келиши менен биргелешкен машыгуу өтө турган жерге аскерлерди жайгаштыруу аяктады.

Беларустун аскердик контингенти Баранович шаарынан «Кант» аскердик авиабазасынын аэродромуна учуп келип, андан соң кыргыз тараптын аскердик техникалары менен машыгуу өтүүчү жерге марш жасады.

КР Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында аларды машыгуунун жетекчилиги тарабынан салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.

Эске салсак, 9-13-октябрда Кыргызстандын аймагында Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунун базасында ЖККУга мүчө-мамлекеттер: Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин катышуусу менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтөт.

Аталган биргелешен машыгууга ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын оперативдүү тобу катышат.

Пикир

Оставить комментарий