Бишкек, 12.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова бүгүн Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында күчүн сынайт.
Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгач өзбекстандык Дильфуза Аимбетова менен күрөшөт.
Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырса, кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Калмира Билимбекова (59 кг) коло медаль тагынды.
Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.
Пикир
Оставить комментарий