• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аксыдагы оорукананын өрттөнүп кеткен чатыры калыбына келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Аксыдагы жалпы медициналык практика борборунун өрттөн жабыркаган чатыры калыбына келтирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорукананын чатырын калыбына келтирүү иштери 9-апрелде аяктады.

Аталган оорукананын директору Медербек Осмоновдун айтымында, хирургиялык корпус кадимки режимде иштеп жатат. "Министрге тез арада каражат бөлүп бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз, анын аркасында оңдоо иштерин кыска мөөнөттө бүтүрдүк", - деди ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 13-мартында саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова кырсык катталган оорукана менен жеринде таанышуу үчүн Аксы районуна барган. Иш сапардын жыйынтыгында министр чатырды жабууга 6 млн сом бөлүүнү, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарында өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий