• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Азия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча жаштары курамасы 5 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаштар курама командасынын (U-20) мүчөлөрү Азия чемпионатында 5 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш ушул күндөрү Таиланддын Срирача шаарында өтүп жатат.

Ошентип, Аскат Токтоматов 61 кг чейинки салмакта күмүш медалга ээ болду. Ал эми Аден Сакыбаев (70 кг), Байтемир Түлөбердиев (74 кг), Кутман Төлөбалдыев (97 кг) жана Сулде Донгак (125 кг) 3-орунду ээлешти.

Курама команда машыктыруучу Алмазбек Аскаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий