• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Азия чемпионаты: Кыргызстандык волейболчулар Шри-Ланканы утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 23.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курама командасы 23 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан (U-23) зоналык Азия чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин Спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясынын директорунун орун басары Нурланбек Тойчубеков билдирди.

Мелдеш 19-28-декабрь күндөрү Бангладештин Дакка шаарында өтүп, жалпы төрт команда: Непал, Бангладеш, Шри-Ланка жана Кыргызстандын курамалары күчүн сыноодо.

Алгачкы оюнда Кыргызстандын курамасы Шри-Ланканы 3:1 эсебинде утса, Бангладеш Непалды 3:0 эсебинде жеңди.

Кыргызстан – Шри-Ланка оюнунда Жантемир Жээнбек уулу мыкты оюнчу аталды.

Бүгүн, 23-декабрда кыргызстандык волейболчулар Бангладештин курамасы менен беттешет.

Кыргызстандын атынан 10 спортчудан турган курама команда катышууда.

Пикир

Оставить комментарий