Азия чемпионаты U-23. Кыргызстандын грек-рим курамасы 2-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында (U23) жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи.

Аманат Самат уулу (67 кг), Асан Жанышов (87 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) алтын медалга ээ болушту.

Артык Орозбеков 130 кг чейинки салмакта 2-орунду ээледи.

Азамат Камилжан уулу (55 кг), Акыл Сулайманов (60 кг ), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Алибек Бердиев (77 кг) жана Бекзат Орункул уулу (82 кг) коло медалга ээ болушту.

Курама команда мелдешке улук машыктыруучулар Улукбек Карачолоков , Арсен Эралиев жана Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында катышты.

Пикир

Оставить комментарий