• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абадда "Футбол баары үчүн" аталышындагы фестиваль болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 25-ноябрда Жалал-Абад облусунда "Футбол баары үчүн" аталышындагы фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун "Курманбек" стадионундагы фестивалга шаардык билим берүү мекемелеринен жана футболдук ийримдеринен 6-12 жаштагы 120 бала катышты.

"Стадиондун 6 футболдук аймагында машыктыруучулардын көзөмөлүндө балдар өздөрүн футболчу катары сезип, бир катар футболдук ыкмаларды үйрөнүштү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 27-ноябрда фестиваль Чолпон-Ата шаарында уланат.

Пикир

Оставить комментарий