• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Азия чемпионатында алтын уткан өзбек мушкери медалынан ажырады

Спорт 0


Ташкент, 13.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Бокс боюнча Таиландда өткөн Азия чемпионатында алтын медалды жеңип алган өзбекстандык мушкер Хавасбек Асадуллаев эрежени одоно бузгандыгы үчүн дисквалификацияланды. Бул тууралуу Азия бокс конфедерации (ASBC) маалымдады.

Ал финалда Испанияда өткөн Boxam турниринде жеңишке жеткен, дүйнө чемпионатынын үч жолку коло байге ээси казакстандык Абылайхан Жусупов менен кез келген. 71 килограмм категориясындагы меттеш учурунда Хавасбек Асадуллаев атаандашынын далысын тиштеп алган.

Казакстандын Бокс федерациясынын арызынан кийин Азия чемпионатынын техникалык делегаты Хавасбек Асадуллаевди эрежени одоно бузгандыгы үчүн дисквалификация чечимин кабыл алган. Ошентип, алтын медаль Абылайхан Жусуповко ыйгарылды.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча Өзбекстан 8 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду. Андан кийин Казакстан (4−6−1) жана Тажикстан (1−1−3) орун алды.

Пикир

Оставить комментарий