• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Нурмагомедов беттештен кийин канча каражат алганы айтылды

Спорт 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык Жастин Гэтжи менен болгон беттеште 6 млн доллардан ашык каражат алганын The Sports Daily сайтына таянып РИА Новости жазып чыкты.

Абу-Дабиде UFC 254 турниринин алкагында өткөн беттештин 2-бөлүгүндө Нурмагомедов атаандашын "треугольник" ыкмасы менен утуп алган.

Россиялык мушкер үчүнчү ирет жеңил салмактагы чемпиондук курун коргоп калды. Таймаштан кийин Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктаганын билдирген.

UFC уюму Нурмагомедовго беттеш үчүн 6 млн доллар төлөп берген. Ошондой эле мыкты беттеш көрсөткөндүгү үчүн кошумча 50 миң доллар берилди.

Ал эми ар кайсы иш-чараларга катышкандыгы үчүн 40 миң доллар дагы төлөнгөн. Бул каражаттарга акылуу түз көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар жана спорттук төлөмдөр кошулган эмес.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 29 беттеш өткөрүп, 29 жолу жеңишке жетти. Ал эми Гэтжи 22 жолу атаандашын утуп, 3 жолу жеңилүү ызасын тартты.

Пикир

Оставить комментарий