• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ысык-Көл эл аралык марафонун өткөрүүгө мамлекет 10 млн сом бөлдү

Спорт 0


Бишкек, 13.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көлдө 13-майда өтө турган ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафонуна мамлекет тарабынан 10 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт департаментинин спорттогу жогорку жетишкендиктер бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдырахманов билдирди.

Анын айтымында, ал каражат марафонго даярдык жана аны өткөрүү, ошондой эле байге фонду, диплом, медалга кетет.

“Марафонго (42 чакырым 195 метр) 1 млн 160 миң сом, жарым марафонго (21 чакырым 97 метр) 374 миң сом каралган”, - дейт ал.

Марафон боюнча:

  • 1-орун — 200 миң сом
  • 2-орун — 140 миң сом
  • 3-орун — 100 миң сом
  • 4-орун — 70 миң сом
  • 5-орун — 50 миң сом
  • 6-орун — 20 миң сом берилет.

Жарым марафон боюнча:

  • 1-орун — 70 миң сом
  • 2-орун — 50 миң сом
  • 3-орун — 30 миң сом
  • 4-орун — 20 миң сом
  • 5-орун — 10 миң сом
  • 6-орун — 7 миң сом каралган.

Белгилей кетсек, Run the Silk Road марафонунун катышуучулары деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте Ысык-Көлдүн түндүк жээк тарабында жайгашкан уникалдуу трассада чуркашат. Марафондун трассасы AIMS (Марафондор жана чуркоолор эл аралык ассоциациясы) тарабынан тастыкталган. Марафон Дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын (World Athletic) лейблине ээ, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун колдоосу астында өтүүдө.

2021-жылдан тартып Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Катышуучулар төмөнкү аралыкка чуркайт:

  • марафон — 42 чакырым 195 метр;
  • жарым марафон — 21 чакырым 97 метр;
  • 10 жана 3 чакырым;
  • 3 жана 10 чакырымга скандинавиялык басуу.

Мындан сырткары, 35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогоркулар дагы чуркап, демөөрчүлөр тарабынан атайын сыйлыкка ээ болушат. Марафон, жарым марафон жана 10 чакырым аралыктарда майыптыгы бар адамдарга дагы белектер каралган.

Пикир

Оставить комментарий