• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Азия чемпиондугун багындырган дзюдочу Кубанычбек Айбек уулунун өмүр баяны

Спорт 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Париж-2024 жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи 26-июлда өтөт. Эки жумага созула турган ири мелдешке дүйнөнүн булуң-бурчунан 10 миңден ашык спортчулар чогулуп, күчүн сынашат. Кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 66 кг салмак ченинде 28-июлда 1/32 финалдык беттешке чыгат.

Алдыда 23 жаштагы дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу тууралуу топтолгон кыскача маалыматтар сунушталат.

Өмүр баяны: Кубанычбек Айбек уулу 2000-жылы 28-октябрда Ош облусунун Алай районунда төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн.

Эл аралык даражадагы спорт чебери. Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү. Бир катар эл аралык мелдештердин байгелүү орундарынын ээси.

Спорттогу жетишкендиктери:
• "Азия балдары" сынагында Азия чемпиону (Саха, 2016);
• Дзюдо боюнча Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (2017);
• Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Бейрут, 2018);
• Дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучусу (Япония, 2019);
• Дзюдо боюнча Азия Океания чемпионатынынын коло медалынын ээси (2021);
• Дзюдо боюнча Чоң шлем турниринин алтын медалынын ээси (Грузия, 2023);
• Дзюдочу эң жогорку рейтингги менен Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду (2024).

Пикир

Оставить комментарий