КРдин футзал боюнча курамасы биринчи оюнда Ливан менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 31.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Эртең, 1-февралда Тайбэеде (Кытай) футзал боюнча Азия-2018 чемпионаты башталат. Ал жакка КРдин улуттук курамасы жөнөп кетти. Бул тууралуу КР футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турнирде 16 курама катышат, алар төрт тайпага бөлүнүшкөн.

КР курамасы Тайланд, Ливан жана Иорданиянын курамалары менен биргеликте “D” тайпасына туура келген.

Кыргызстандан барган курама биринчи оюнда Ливандын курамасы менен 2-феврала беттешет.

Ал эми 4-февралда Кыргызстан Иорданиянын, 6-февралда Таиланддын футболчулары менен ойнойт.

“А” тайпасы: Тайбэй, Вьетнам, Малайзия, Бахрейн

“В” тайпасы: Өзбекстан, Япония, Тажикистан, Түштүк Корея

“C” тайпасы: Иран, Ирак, Кытай, Мьянма

“D” тайпасы: Тайланд, Кыргызстан, Ливан, Иордания.

Пикир

Оставить комментарий