• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Чет өлкөлүк жумушчуларга айрым чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште тышкы миграция жана эмгек миграциясынын маселелерин жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү жөнүндө», «Мамлекеттик алым жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, мыйзам долбоору улуттук эмгек базарын чет өлкөлүк жумушчу күчүнүн көзөмөлдөнбөгөн агымынан коргоо, бош жумуш орундарын ээлөөдөгү кыргыз жарандарынын конституциялык укугун камсыз кылуу, бул маселелериди чечүү жаатында жөнгө салуунун өзгөчө шарттарын түзүү максатында иштелип чыккан.

Ошентип, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жүрүмүн жөнгө салуу квота түзүүгө негизделип, «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» мыйзамга ылайык, мамлекеттин кызыкчылыктарын жана ички эмгек рыногундагы кырдаалды эске алуу менен, жыл сайын КР Өкмөтү тарабынан аныкталат. Миграциялык маселелерди жөнгө салууда биринчи кезекте мамлекеттик кызыкчылыктар көздөлүүгө тийиш.

Ошондон улам, бир чарбалык субъектидеги чет өлкөлүк жумушчулардын санын жалпы жумушчулардын санынын 10 пайызынан 20 пайызына чейин чектөө жана чет өлкөлүк жумушчуларды категорияларга бөлүү демилгеси сунушталат:

- эмгек квотасына берилүүчү квотадан тышкары, иш берүүчүнүн арызы боюнча 3 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алган жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистер;

- эмгек миграциясына берилүүчү квотанын чегинде иш берүүчүнүн арызы боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алган чет өлкөлүк адистер, алардын саны бир чарба жүргүзүүчү субъектидеги жумушчулардын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш;

-эмгек квотасына берилүүчү квотанын чегинде иш берүүчүнүн арызы боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алган квалификациясы жок чет өлкөлүк кызматкерлер, алардын саны бир чарба жүргүзүүчү субъектидеги кызматкерлердин жалпы санынын 10 пайызынан ашпоого тийиш;

- Салык кызматы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде эмгек миграциясына берилүүчү квотанын чегинде жазган арызынын негизинде 1 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алган чет өлкөлүк жеке ишкерлер.

Адистиги төмөн жана адистиги жок чет өлкөлүк жарандарга да айрым чектөөлөр киргизиле турганы белгилүү болду. Ишканадагы мындай катмардагы адамдардын саны 10 пайыздан ашпашы керек. Ошондой эле, мамлекеттик алымдардын өлчөмүн жогорулатуу чарасы да сунушталууда.

Депутаттар тарабынан өлкөдөгү жумушчу орундарга чет өлкөдөнү адистерди алып келбей эле, аларды өзүбүздө даярдоо, ички жумушчу орундарын коргоо чараларын күчөтүү, чет өлкөлүк инвестицияга жагымдуу шарттарды түзүү менен бирге, кыргыз жарандарына артыкчылык берүү, чет өлкөлөрдө иштеген эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо жаатында көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Депутат Азамат Арапбаев алым көлүмүнүн 2 миӊ сомдон 10 миӊ сомго чейин көбөйүшү ишкерлерге оорчулук келтире турганын айтты. Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов алымдын өлчөмүн 50 миӊ сомго чейин көтөрүү керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, Миграция кызматынын маалыматына караганда, алым тарифи Өкмөт тарабынан белгиленет. Ал 1996-жылдан бери өзгөртүлбөгөндүктөн, азыр чет өлкөлүк жаран жылына 2 миӊ сомдон төлөп келишкен. Мисалы, алар Казакстанда 4 миӊ сомго чейин, Түркияда 1 миӊ долларга чейин төлөйт. Эгерде тарифти жогорулатсак, бюджетке 150 млн сом кошумча каражат түшөрү болжолдонууда. Ошондой эле, Соцфонд менен салык төлөмдөрү да көбөйүүгө тийиш. Андан тышкары, кыргызстандыктар кошумча 20 мин жумушчу орду менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий