• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азия Кубогу-2023. "Ак шумкарлар" Оманга каршы оюнда кызыл түстөгү формада ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагында Оманга каршы оюнда кызыл түстөгү формада ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстан — Оман беттеши 25-январда Доха шаарындагы Абдулла бин Халиф стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.

Бишкекте күйөрмандар үчүн атайын фан-зона уюштурулат.

Азия Кубогунун бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында "УТРК Спорт" каналында жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий