• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртеңки оюн абдан маанилүү – Таркович Азия Кубогундагы Оман менен беттеш тууралуу

Спорт 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эртең, 25-январда Оман курамасына каршы оюн өткөрөт. Бул улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы үчүнчү беттеши.

Оюн Доха шаарындагы Абдулла бин Халиф стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.

Беттештин алдында улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович комметарий берип, "Ак шкумкарлар" үчүн эртеңки оюн абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

"Оман биздин салттуу атаандашыбыз болуп калды деп айта алабыз. Акыркы алты айда биз эки жолу ойнодук. Биз Омандын бул турнирдеги оюндарын талдадык, алар сапаттуу оюн көргөзүшүп, атаандаштарын жеңип алууга чоң мүмкүнчүлүктөрү болду", - деди ал.

Таркович эртең – биз өлкө үчүн күрөшүп, жакшы натыйжаларды көрсөтө аларыбызды далилдегибиз келет деди.

"Оманда жеке сапаттары өнүккөн жана жакшы техникага ээ болгон оюнчулар көп экендигин билебиз. Бирок, биздин өзүбүздүн да максаттарыбыз бар. Эгерде командабыз буга чейин Оманды бир жолу жеңе алса, бул нерсени дагы кайталай алабыз деп ишенем", - дейт башкы машыктыруучу.

Штефан Таркович улуттук курама команданын турнирдин кийинки баскычына чыгышы, тилекке каршы, алардан гана көз каранды эместигин кыйытты.

"Бизден көз каранды болгон нерсе алдыдагы оюнда боло турган жыйынтык. Башка тайпадагы беттештердин жыйынтыктарына көз салып турууга мажбурбуз.

Эгерде биз тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото турган болсок, бул биздин оюнчулардын келе жаткан беттешке болгон мотивациясына эч кандай таасир этпейт деп айта алам. Биз жеңиш же тайпадан чыгуу үчүн гана ойнобойбуз. Биз кураманын күйөрмандары жана бүтүндөй өлкө үчүн ойнойбуз", - деп баса белгиледи улуттук кураманын башкы машыктыруучу.

Пикир

Оставить комментарий