• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Изабеков мелдешке Айсулуу, Айпери жана Мээримден башка кыздар катышпай жаткандыгынын себебин айтты

Спорт 0

Бишкек, 28.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын кыз-келиндер арасында күрөш боюнча курама командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков эл аралык мелдештерге эмне себептен Айсулуу, Айпери жана Мээримден башка кыздар катышпай жатканын айтты.

Изабеков Айсулуу Тыныбекова жашы боюнча чоңдор арасындагы мелдешке туура келерин белгиледи.

“Ал эми Мээрим менен Айпери 23 жашка чейинкилерге туура келет. Бирок алар чоңдор арасындагы мелдешке катышып, ийгилик жаратып келүүдө. Ал эми Айпери менен Мээримдин аркасында келе жаткан кыздардын арасында эл аралык деңгээлде байгелүү орундарга илинип жаткан 2-3 кызыбыз бар. Бирок алардын жашы 20га гана жетти. Аларды өз жашына жараша дүйнөлүк чемпионаттарга жана Азия оюндарына алып барабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчулар үч медалга ээ болгон:

Алтын медаль:
Айпери Медет кызы - 76 кг.

Күмүш медаль:
Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;
Мээрим Жуманазарова - 68 кг.

Пикир

Оставить комментарий