Азия кубогуна тандоо. Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курамасы Гуамды утуп алды

Спорт 0


Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. 2024-жылы өтө турган Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курамасы Гуамдын командасын утуп алды.

Кыргызстандын U-20 курамасы Гуамды 2:0 эсебинде артта калтырды. Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон беттеште Аделя Ахметбекова менен Медина Рысбекова гол киргизишти.

Эскерте кетсек, кыздар арасындагы Азия кубогунун тандоо турунда Кыргызстан С тайпасында Австралия жана Гуамдын курамалары менен жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий