• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 12.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Ал алгач өзбекстандык Дильфуза Аимбетованы 4:0 эсебинде утуп, жарым финалга көтөрүлдү. Анда кыргыз кызы япониялык Нонока Озакиге каршы килемге чыкты. Тыныбекова кармаш башталганда эки упай ала алды, бирок Озаки акырындык менен эсепти 2:2ге айлантканга үлгүрдү. Бирок кыргыз спортчусу эки упайлык ыкма жасагандыгы үчүн жеңиш ага берилди.

Алтын үчүн кармашта Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Айсулуу Тыныбекова дал ушул япониялык Нонока Озакиге 5:11 эсебинде утулуп калган.

Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырса, кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Калмира Билимбекова (59 кг) коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий