• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Азия оюндары: Кыргызстандын хоккей курамасы финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Японияда өтүп жаткан кышкы Азия оюндарынын алкагында 2-дивизиондо мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Кыргызстандын командасы топтук этаптын оюндарынын алкагында Катардын курама командасы менен жыйынтыктоочу оюнда беттешип, атаандаштарын 7:2 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, Азия оюндары – 2017де Кыргызстандын курама командасы “А” тобунда Катар, Филиппин жана Кувейт курамалары менен ойноду. “Б” тобунда Малайзия, Макао, Түркмөнстан жана Индонезия бар.

Мындан мурда Кыргызстандын курама командасы Кувейттин командасын 5:0, Филиппиндин командасын 10:5 эсебинде утуу менен “А” тобунда 1-орунду ээлеп, мелдештин финалына чыккан.

Финалда Кыргызстан курамасы Кышкы оюндар - 2017де “кичи алтын” үчүн Түркмөнстандын курама командасына каршы турат. Бул дивизиондун финалдык беттеши 26-февралда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий