• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азия-Тынч океан сурдочемпионаты: эркин күрөш боюнча балбандар жалпы беш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 11-март күнү Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия-Тынч океан сурдочемпионатынын эркин күрөш боюнча мелдештер аяктады.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештин экинчи күнүндө килемде спортчулар 61, 70, 79, 92, 125 кг салмак категорияларында күч сынашты.

Анда 125 кг салмак категориясында Милияс Марков алтын медалга ээ болду. Ал эми 79 кг салмакта Марс Дүйшөмбиев коло медаль тагынды.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын сурдо эркин күрөш боюнча курама командасы 3 медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий