• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Алтынбек Максутов Оштогу бир катар маданият жана спорт мекемелеринен кабар алды

Маданият 0

Бишкек, 11.03.23./Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Ош шаарындагы бир катар маданият жана спорт мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Министр Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театры, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы, Сулайман-Тоо " улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана ат майданга барып, мекеме жетекчилери менен биргеликте жеринен кабар алды.

Максутов өз сөзүндө 2023-жылы Ош шаарындагы аталган маданий жана спорттук мекемелерде мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде бир катар маанилүү иш -чаралар өтө турганын маалымдап, азыртадан ага даярдыктарды көрүү жана уюштуруу иштерин баштоону тапшырды.

Ошондой эле, Алтынбек Максутов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен жакындан таанышып, ремонт иштери аяктаган чоң, театрды салтанаттуу ачылышын уюштуруп өткөрүүнү ага көрүлө турган даярдыктарды талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий