• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Азия-Тынч океан сурдочемпионаты: Кыргыз балбандары төрт медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Кечээ, 8-мартта Бишкекте өтүп жаткан Азия-Тынч океан сурдочемпионатынын грек-рим күрөшү биринчи күнү аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Килемде спортчулар 55, 63, 72, 82, 97 кг салмак категорияларында күч сынашты.

Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча курама командасы төрт медаль (эки алтын, эки коло) жеңди.

72 кг салмак категориясында Сүймөнкул Икрамов жана 97 кг салмакта Нарту Абдурахманов алтын медалга ээ болушса, 63 кг салмакта Сыймык Чолпонбек уулу жана 82 кг салмак даражасында Закир Турдиев коло медаль тагынышты.

Пикир

Оставить комментарий