• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сууда сүзүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Денис Петрашовдун ийгиликтери

Спорт 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Туура 7 күндөн соң Парижде ХХХIII жайкы Олимпиада оюндары башталат. 50 метрлик бассейнде өткөрүлө турган сууда сүзүү боюнча мелдештерге Кыргызстандан Денис Петрашов катышат.

Олимпиада оюндарын утурлай, 24 жаштагы суучул, төрт жолку Азия чемпиону Денис Петрашовдун өмүр баянын жана спорттогу жетишкендиктери сунуштайбыз.

Өмүр баяны: Денис Петрашов 2000-жылы 1-февралда Бишкек шаарында төрөлгөн. Сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Атасы Евгений Петрашов 1996, 2000, 2004-жылдагы Олимпиада оюндарынын катышуучусу. Ал брасс ыкмасы менен 100 метр жана 200 метрге сүзүү боюнча улуттук рекоддун ээси.

Денис Петрашов атасынан кем калбай, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага катышып, өз командасынын тарыхындагы эң жаш олимпиадачы болуп калган. 2016-жылдын ноябрь айында сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында ушул эле дисциплинанын финалдык бөлүгүнө чейин жетип, 6-орунду ээлеген. Токио Олимпиадасынын ачылыш салтанатында өлкөнүн туусун Денис Петрашов Каныкей Кубанычбекова менен бирге көтөрүп чыккан. Спортчу бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Петрашов сууда сүзүүнүн брасс ыкмасы боюнча 50, 100 жана 200 метр аралыкта бир канча ирет Кыргызстандын рекордун жаңырткан.

Спорттогу жетишкендиктери:

  • Ислам шериктештик оюндарынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүү (Конья, 2021)
  • Ислам шериктештик оюндарынын коло медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 50 метрге сүзүү (Конья, 2021);
  • Ислам шериктештик оюндарынын коло медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүү (Конья, 2021);
  • Маккабиада оюндарынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүү (Израиль, 2022);
  • Маккабиада оюндарынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүү (Израиль, 2022);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 100 метр (Ташкент, 2017);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метр (Индия, 2019);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метр (Филиппин, 2024);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 50 метр (Филиппин, 2024);

Мамлекеттик сыйлыктары:

  • Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов “Даңк” медалы менен сыйланган (2021).

Пикир

Оставить комментарий