• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстандык оор атлетчилер Азия чемпионатынан кайтып келишти — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Кыргызстандык оор атлетчилер Бахрейнде өткөн Азия чемпионатынан кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда Азия чемпионатына катышкан үч оор атлетчи Бишкек шаарына келишти.

“Манас” эл аралык аэропортунан спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов, оор атлетика боюнча федерациянын мүчөлөрү, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатында Эмил Молдодосов (89 кг чейин) жана Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг чейин) күмүш медалга ээ болушкан.

Пикир

Оставить комментарий