• 87
  • 90.43
  • 0.88

Азыгалиев Панфилов районундагы соцмекемелердин абалынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин Чүй облусундагы иш сапары Панфилов районунда уланып, эл өкүлү аймактагы социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөр менен жеринде таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төраганын орун басары Эркин-Сай айылына барып, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан имараттын абалынан кабар алды. Белгилүү болгондой аталган медициналык жайдын имараты көп жыл мурун курулуп, азыркы учурда жараксыз абалда экенине карабай колдонулуп келүүдө. Андыктан, Нурланбек Азыгалиев коштоп барган тиешелүү жетекчилерди аталган маселеге көңүл бурууга чакырды.

Муну менен катар аталган айылга бала бакча куруу маселеси да талкууланып, тез арада иш алып баруу тууралуу сөз болду.

Андан соң төраганын орун басары Кумарык айылына барып, ал жердеги авариялык абалдагы Маданият үйүн көрүп чыкты. Алсак, аталган маданий жай совет маалында курулуп, кийин таланып, талкаланып калган. Учурда имараттын сырткы турпаты гана сакталып, эшик-терезелери толугу менен жок. Ага ылайык, Нурланбек Азыгалиев тиешелүү жетекчилерге маданият үйүн жаңылап, куруу талабын койду. Мындан сырткары, аймактагы мектептин спорт залын салуу боюнча да маселе айтылды.

Ошондой эле төраганын орун басары Кайыңды шаарындагы эки мектепке кошумча корпус куруу, райондук Маданият үйүн жана Архив мекемесин салуу боюнча да пландарды талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий