• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кытайлык инвестор Сузакта 100 млн долларлык долбоорду ишке ашырат

Аймак 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Кытайлык инвестор Сузакта 100 млн долларлык долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев кытайлык инвестор Ванг Ченгвен менен жолугушту. Анда облустун Сузак районунун аймагында баасы 100 млн АКШ долларын түзгөн инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу камтылган эки тараптуу келишимге кол коюлду.

Долбоордун алкагында район аймагына курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, Көк-Арт дарыясында дамба салуу, көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда.

Облус башчысы район-шаарлардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, элге шарт түзүү багытындагы пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий