• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги бала бакчаларда "Айтматовдун чыгармаларынын сценарийлери" сынагы өттү

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Бишкектеги бала бакчалардын арасында «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сценарийлери» сынагы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынак Ленин райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» аттуу үч айлыктын алкагында уюштурулган.

Белгилей кетсек, сынакка 9 бала бакча катышып, жыйынтыгында төмөнкү билим берүү мекемелери байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун – №8 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2-орун – №131 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3-орун – №26 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;

Ошондой эле №118 жана №43 мектепке чейинки билим берүү мекемеси көңүл жубатуучу сыйлыктарга ээ болушту.

Сынакка Кыргыз билим берүү академиясынын мектепке чейинки жана башталгыч класстарга билим берүү лабораториясынын илимий кызматкери Айдай Бекбоева, Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Чолпон Ишеналиева, Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын мектепке чейинки билим берүү боюнча жетектөөчү адиси Кудуз Абыканова калыстык кылды.

Пикир

Оставить комментарий